Испанияда Украинаны финансылык жактан колдоого каршы митинг өттү. Видео

Sputnik
Мадридде 3-апрелде Испаниянын Тышкы иштер министрлигинин имаратында масштабдуу операция болгон. Бул туурасында RT жазды.
Жүздөгөн кишилер украин армиясын каржылоону токтотууну талап кылышкан. Нааразы болгондор колдоруна "Силердин согуш үчүн акча төлөбөйбүз" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп, шаардын көчөлөрүнөн баскан.
Испаниялыктар Киевге берилип жаткан акча алардын өлкөсүндөгү саламаттыкты сактоого, билим берүүгө жана социалдык муктаждыктарга жумшалмак деген нааразылыгын билдиришкен.