Адис глобалдык кризис жакындап келе жатканын эскертти

Экономист Россия азык-түлүк өндүрүү үчүн дан, жер семирткич сыяктуу сырьелордун негизги экспортерлорунун бири экенин баса белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Санкциялардын катаалдашынан улам дүйнөдө азык-түлүк өндүрүшүнүн кыскарышы күч алып бара жатат. Буга логистиканын бузулушу жана жер семирткичтер менен энергия булактарынын көздөгөн жерге жетпей жатканы негизги себеп экенин "Прайм" басылмасына Плеханов атындагы Россиянын экономикалык университетинин профессору Ибрагим Рамазанов билдирди.
Ал Россия азык-түлүк өндүрүү үчүн дан, жер семирткич сыяктуу сырьелордун негизги экспортерлорунун бири экенин эске салды.
"Россия азыркы шартта дүйнөдөгү күтүлүп жаткан азык-түлүк тартыштыгын компенсациялай албайт. Буга санкциялар жол бербейт", — деди ал.
Дүйнөлүк рынокко эгин жеткирген башка өлкөлөр жакын арада жер семирткичтердин жана күйүүчү майдын жетишсиздигинен өндүрүшүн азайтышы мүмкүн. Адис мындай жагдайда эч бир тарап жеңүүчү болбой турганын эскертти.
Адис: санкциялар Түштүк Америкада эле он миллиондогон кишини ачка калтырат