Бишкекте футзал боюнча Азиянын тандоо туру өтөт. Оюндардын жүгүртмөсү

Бишкек эки тайпанын беттешин өткөрөт. Бардык оюндар "Газпром" (Арча-Бешик конушу) дене тарбия комплексинде болот.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Борбор калаада 10-13-апрелде футзал боюнча Азиянын тандоо туру өтөт. Бул туурасында КРдин Футзал боюнча ассоциациясынан билдиришти.
Бишкек эки тайпанын беттешин өткөрөт. Бардык оюндар "Газпром" (Арча-Бешик конушу) дене тарбия комплексинде болот.
Кыргызстандын курама командасы А тайпасында жана дүйнөдөгү күчтүү команда – Ирандын футзалчылары менен беттешет. Андан сырткары, түркмөнстандыктар жана мальдивалыктар менен беттешет. В тайпасындагы матчта Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан жана Непалдын футзалчылары ойношот.
Азия кубогунун финалдык бөлүгү Кувейтте 22-сентябрдан 20-октябрга чейин болот. Турнирге баяш-аягы болуп 16 команда катышат.
Ассоциация кыргызстандыктарды өз спортчуларын сүрөөгө чакырат.

Матчтардын жүгүртмөсү:

А тайпасы
Биринчи тур, 10-апрель:
17:00, Иран — Мальдив;
20:00, Кыргызстан — Түркмөнстан.
Экинчи тур, 11-апрель:
17:00, Түркмөнистан — Иран;
20:00, Мальдивы — Кыргызстан.
Үчүнчү тур, 12-апрель:
17:00, Түркмөнистан — Мальдив;
20:00, Иран — Кыргызстан.
В тайпасы
Биринчи тур, 10-апрель:
11:00, Өзбекстан — Непал;
14:00, Тажикстан — Афганистан.
Экинчи тур, 11-апрель:
11:00, Непал — Тажикстан;
14:00, Афганистан — Өзбекстан.
Үчүнчү тур, 12-апрель:
11:00, Өзбекстан — Тажикстан;
14:00, Афганистан — Непал.
Бардык оюндар Kyrgyz Sport TV каналында түз эфирде көрсөтүлөт.
Кыргызстандык футзалчы кыздар тажикстандыктарды караандатпай жеңип алды. Видео