6-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде жарык өчөт. Тизме

"Түндүк электр" ишканасынын бригадалары подстанцияларда жана башка объектилерде оңдоо иштерин жүргүзүшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Шаршемби, 6-апрель күнү, Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдирди.
Мекеменин бригадалары подстанцияларда жана башка объектилерде оңдоо иштерин жүргүзүшөт.
Төмөнкү аймактар жарыксыз калат:
9:00дөн 14:00гө чейин — Кара-Жыгач (Кара-Жыгач, Бекматов, Анкара, Оберон, Жайылган, Шаты, Торугарт көчөлөрү) конушу;
9:00дөн 17:00гө чейин — Космическая, Курчатов, Гагарин, Бөкөнбаев, Байтик баатыр, Чуйков, Тыныстанов, Рыскулов, Ала-Арча көчөлөрү жана Эркиндик проспектисинин айрым бөлүктөрү. Ошондой эле Жаш гвардия проспектисиндеги №32 жана 6-кичи райондогу №7 үйлөрү;
9:00дөн 18:00гө чейин — Некрасов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү.
Эскертүү! Чүй проспектисинин бир бөлүгү 9 күнгө жабылат