Бишкекте айдоочулар менен жөө адамдарга 7 млн. сом айып салынды

Жыл башынан бери адамды коюп кеткен 200 учур катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бишкекте "Жөө адам" рейди өттү. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Рейд 26-марттан 4-апрелге чейин созулду. Милиционерлер 3 646 эреже бузууну каттап, жөө адамдарды өткөрбөй койгон 1 669 айдоочунун ар бирине 3000 сомдон айып салган.
Мындан тышкары, 1 977 адам туура эмес жерден жолду кесип өткөндүгүнө байланыштуу 1000 сомдон (жалпы 1 миллион 977 миң) айып төлөшөт.
Айып пулдун жалпы суммасы 6 миллион 984 миң сомду түздү. Патрулдук инспекторлор эреже бузгандарга айып салуу менен чектелбестен түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзгөн.
Бишкекте эки жеңил автоунаа кагышып, төрт адам жабыркады