Радио

Касымова: бала бакчага электрондук кезек системасы 11-апрелден тарта иштейт

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова 1 миллион 118 миң баланын 200 миңи гана бала бакчага барарын айтты.
Sputnik
Бала бакчага кезек электрондук комплектештирүү аркылуу уюштурулат. Бул тууралуу Нурзида Касымова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган система айрым аймактарга пилоттук режимде киргизилип, иштеп келген.
"Республика боюнча мектепке чейинки балдардын саны 1 миллион 118 миңге чукул. Анын 200 миңи гана бала бакчага барат. Бул бир орунга беш-алты бала туура келет дегенди түшүндүрөт. Ошол орунга алуу коррупциялык көрүнүштөр менен коштолуп, балдардын укугу бузлууда. Ал эми электрондук кезек системасы кайсы аймакта канча бала бакчага муктаждык бар экенин көрсөтөт. Аталган система 2018-жылы Бишкек, Ош шаарларында, Ысык-Ата районунда сынамык негизде киргизиле баштаган. Ошондо бала бакчалардын директорлору, өзгөчө борбор калаадагылар аябай каршы чыгышкан. Анткени баланы тааныш-билиш аркылуу же коррупциялык элементтер менен кабыл алуу көнүмүш болуп калган. Андан кийин электрондук кезек системасы Токмок, Жалал-Абад жана Сүлүктү шарларына киргизилген. Ушул жылдын 11-апрелинен тарта аталган система республика боюнча иштеп баштайт. Анын артыкчылыгы — ата-эне үйдөн эле каалаган бала бакчасына кезекке тура алышат", — деди Касымова.
Ошондой эле ал электрондук кезек системасы бала бакчага кабыл алуу боюнча көйгөйдү толугу менен чечпей турганын кошумчалады.