Бүгүн тирүүмүн! Алмазбек Атамбаевдин соттук отурумга келген видеосу

Абалын сураган журналисттерге мурдагы президент "кечээ кан басымым көтөрүлүп кетти, бүгүн тирүүмүн" деп жооп берген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев октябрь окуялары боюнча отурумга Биринчи май райондук сотуна алып келинди.
Белгилей кетсек, кечээ, 4-апрелде, Биринчи май райондук соту 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча козголгон ишти карап, ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышкан. Бирок сот процесси учурунда анын ден соолугу начарлап, өзүн жаман сезгендиктен Тез жардам чакыртылып, сот 5-апрелге жылдырылган.
Журналисттер Атамбаевдин абалын сураганда мурдагы президент "кечээ кан басымым көтөрүлүп кеткен, бүгүн тирүүмүн" деп жооп берген.
Аягына чыгам! Сеид Атамбаев депутаттарды Алмаз Атамбаевдин ишин иликтөөгө чакырды