БИШКЕК, 5-апр — Sputnik. Биринчи май райондук сотунун жыйынында Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин абалы кайра начарлап, Тез жардам кызматы чакыртылды.
Соттук отурум токтотулуп, башка соттолуучулар менен Атамбаевдин тарапташтары залдан чыгарылган. Конвоир тез жардамды күтпөй, Атамбаевди сот залынан чыгарып кеткен. Келген Тез жардам кызматы кайра артка кетти.
Соттук отурум 6-апрель саат 10:00гө жылдырылды. Жактоочулар Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу процессти анын катышуусуз же видеоконференция аркылуу өткөрүүнү өтүндү. Бирок сот бул сунушту четке какты.
Эске салсак, кечээ, 4-апрелде, Биринчи май райондук соту 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча козголгон ишти карап, отурумга мурдагы президент күч менен алып келинген. Жыйын учурунда анын абалы начарлап, тез жардам чакыртылган.
Бүгүн Атамбаев кайрадан сотко жеткирилген. Анда мурдагы президент кечээ кан басымы көтөрүлүп кеткендиктен аны Тез жардам кызматы №47 түзөтүү мекемесине жеткиргенин айткан. Ал жер соттолуучулардын ооруканасы болуп саналат.