БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасында ок жеп эки кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылында Кыргызстандын бир нече жараны контрабанда жүктөрдү Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан.
“Аткезчилер өзбек чек арачыларынын токтоо талабына баш ийишкен эмес. Жарандарды кармоо учурунда каршылык көрсөтүп, чыр чыккан. Мындан улам алар өз өмүрү жана ден соолуктарын коргоо үчүн курал колдонуп, анын кесепетинен эки жаран каза болгон. Калган чек ара бузуучулар Кыргызстандын аймагына качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Өзбек чек арачыларынын маалыматына караганда, 20 миң доллардан ашык аткезчилик жүктү алып өтүүгө аракет кылышкан”, — деп айтылат маалыматта.
Чек ара кызматы каза болгон жарандар Өзбекстанда туулуп, 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алышканын белгиледи. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар Өзбекстандын паспортун да сактап калышкан.
Бүгүн саат 17.55те окуя болгон жерге Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп жагдайды жеринен изилдешкен. Натыйжада ар бир тарап өз алдынча иликтөө жүргүзө турган болуп сүйлөшүштү.