"Торугарт" менен "Эркеч-Там" бир күнгө жабылат. Себеби

Кытай тарап майрамга карата өткөрүү бекеттерине чектөө киргизип турууну өтүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" менен "Эркеч-Там" өткөрүү пунктуларынан 5-апрель күнү транспорт каражаттары жана жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөйт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Аталган бекеттерде Кытай тараптын демилгеси менен Цинмин фестивалына — Маркумдарды эскерүү күнүнө карата чектөө киргизилген.
Чек ара кызматы "Торугарт" менен "Эркеч-Там" 6-апрелден тарта кадимки шартта иштей турганын айтты. Алгоритм боюнча кыргыз-кытай чек арасынан товарлар менен жүктөрдү өткөрүүгө болот.
Пресс-борбор
Кыргызстанга туристтер жер транспорту менен каттай башташы мүмкүн