Радио

Мусаев: токой ижарачылары 29 млн. сом аренда акысын төлөбөй келишет

Айыл чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик токой чарбасы агенттигинин директору Алмаз Мусаев өлкөдө 20 миңден ашуун токой ижарачылары бар экенин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда мамлекеттик жерлерди ижарага алып иштетүү 192-токтомдун негизинде жүргүзүлөт. Учурда токойдон аны сактап жана көбөйтүү шарты менен жер тилкесин ижарага алган 20 миңдей адам бар. Бул тууралуу Алмаз Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда мамлекеттик жерлерди ижарага алгандарга инвентаризация жүргүзүү максатында токой тилкелерин ижарага берүү токтотулган.
"Жалпысынан республикада токой тилкелерин ижарага алып иштетип жаткан 20 миңден ашуун адам болсо, анын 14 миңи Жалал-Абад облусунда катталган. Өзүңүздөр билесиздер, бул жерде Арсланбап жаңгак токою бар, ижарачылардын көпчүлүгү мына ушул жаңгак жана мисте токойлорун алышат. Мыйзамга ылайык, аларга ижарага беш жылдан 49 жылга чейинки мөөнөткө токойду сактоо жана көбөйтүү шарты менен берилет. Бирок, тилекке каршы, арасында үй куруп алгандары, ижара акысын төлөбөй жүргөндөрү, алып коюп чет мамлекетке кетип калгандары да кездешет. Жалпысынан ижара акысынан жыл сайын 60 миллион сом түшүшү керек болсо, азыркы күндө 29 миллион сому төлөнбөй келет", — деди Мусаев.
Ал жогорудагыдай мыйзам талаптарын аткарбаган ижарачылар менен келишимдер бир тараптуу токтотулуп жатканын кошумчалады.