Радио

Султанбеков: Саламаттык сактоо министрлигинин окуу жайларды жабууга укугу жок

Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Шербек Султанбеков Саламаттык сактоо министрлиги окуу жайларды жабууга укугу жок экендигин айтты.
Sputnik
Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензия берүүнүн, кайра тариздөөнүн, таануунун, токтотуп туруунун, кайра калыбына келтирүүнүн жана жокко чыгаруунун тартибин жүргүзөт. Бул тууралуу Шербек Султанбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, лицензиялык талаптарга жооп бербеген медициналык окуу жайлар жабылып калса, ал жерде окуган студенттердин кийинки билим алуусу окуу жайдын жетекчилерине жоопкерчилиги жүктөлөт.
"КРде билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензия берүүнүн, кайра тариздөөнүн, таануунун, токтотуп туруунун, кайра калыбына келтирүүнүн жана жокко чыгаруунун тартибин Билим берүү жана илим министрлиги жүргүзөт. Демек, Саламаттык сактоо министрлигинин окуу жайларды жабууга укугу жок. Учурда өлкөдө 23 медициналык жогорку окуу жайы бар. Алардын 17си жеке менчик, алтоо мамлекетке карайт. Медицина багытындагы студенттердин жалпы саны 39 850нү түзсө, анын 23 012си мамлекеттик окуу жайларда билим алат. Лицензиялык талаптарга жооп бербеген медициналык окуу жайлар жабылып калса, ал жерде окуган студенттердин кийинки билим алуусу окуу жайдын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигинде болот", — деди Султанбеков.
Ошондой эле адис өлкөдө медициналык окуу жайлардын көбөйүшүнө нормативдик укуктук актыларда клиникалык базаны ижарага алып иштетсе боло турганы себеп экенин кошумчалады.