БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кумтөр кени боюнча Centerra Gold Inc. компаниясы менен түзүлгөн макулдашуунун негизги жобосу тууралуу маалымат берди.
"Ушундай шарттарды макулдашууга жетишүү оңой-олтоң болгон жок, анын ар бир пункту боюнча чечим кабыл алуу бир жылга жакын убактыбызды алды", — деди мамлекет башчы.
Келишимдеги шарттар:
Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 100 пайыз акциясы республикабызга тиешелүү;
Тышкы башкаруу киргизилген 2021-жылдын 15-майынан берки бардык таза кирешелер — 323 миллион доллардан ашык каражат Кыргызстандын менчиги экендигин расмий түрдө таанытканга мажбурладык;
Centerra бизге өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди төлөп бермей болду, анын көлөмү болжол менен 11 миллион долларды түзөт;
Centerra кыргыз тарапка 50 миллион доллар өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берет;
Кумтөр кенин рекультивациялоо фондуна карата көзөмөлдү толук өзүбүзгө кайтарып алдык, бизге 53 миллион доллар келет. Бул каражат мурда Лондон банкынын трасттык эсебинде сакталып келген;
Centerra 2021-жылдын май айындагы алып кете албай калган алтындын партиясы үчүн 29 миллион долларды төлөп берүү боюнча койгон талабынан баш тартты;
Centerra АКШда, Швецияда жана Канадада кыргыз тарапка каршы козголгон бардык соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болду;
"Кыргыз алтын" ачык акционердик коому Centerra компаниясындагы 26 пайыз үлүшүн өзүнө өткөрүп алат. Ошол эле учурда Centerra аталган акциялар пакетине укуктарды өткөрүп берүүгө байланыштуу Канаданын мыйзамдарына ылайык бардык салык төлөмдөрүн өз эсебинен жабат.
Кыргыз тарап дагы Centerra ишканасына каршы козголгон бардык соттук жана башка иштерди, дооматтарды токтотот.