БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин "Чет элдик касташкан өлкөлөрдүн аракеттерине байланыштуу визалык мүнөздөгү жооп берген чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Документ укуктук маалыматтык порталга жайгаштырылган.
Россия Евробиримдик, Норвегия, Дания, Исландия, Швейцария жана Лихтенштейн менен түзгөн келишимдеги виза берүүдөгү жөнөкөйлөтүлгөн бир катар пунктуларды токтотту. Тагыраагы, кеп ЕБ өлкөлөрүнүн расмий делегация мүчөлөрү жана журналисттер жаатында болуп жаткандыгын РИА Новости билдирди.
Дипломатиялык паспорттордун ээлеринин Россияга визасыз кире алышын камсыздаган норма токтотулду. Президент ТИМге ЕБдин жарлыкта саналган мамлекеттеринин өкүлчүлүктөрү жана элчиликтерине жаңы эрежелер туурасында кулак кагыш кылууну тапшырды. Андан сырткары, Россияга кирүүдө достукка жатпай турган кадамдарды жасаган чет элдиктерге жана жарандыгы жокторго жеке чектөөлөрдү киргизүү да айтылды.
Өкмөт указда айтылгандар боюнча эл аралык келишимдерди токтотуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жана аны Мамлекеттик Думага киргизиши керек.
Россия менен Евробиримдиктин мамилеси Украинага карата демилитаризация жана денацификация боюнча атайын операция башталгандан тарта кадимкидей начарлады. АКШга куйрук улай эле ЕБ Москвага карата санкцияларды киргизди. Россиялык энергоресурстарга болгон көз карандылыкты азайтуу боюнча чакырыктар арбып, ар кыл мамлекеттер көптөгөн россиялык дипломаттарды мекенине жөнөттү. Москва жооп иретинде кастык мамиледе болгондордун тизмесине ЕБдин 27 мамлекетин жана аталган биримдикке кирген дагы 10 өлкөнү киргизди. Азыр ал тизмеге АКШ баш болуп 48 өлкө киргизилген.