УКМК: Ошто баңгизат сатууга аракет кылган делип подполковник кармалды

Буга чейин КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Ош шаардык милициясынын эки кызматкери баңгизат сатууга шектелип кармалганын УКМКдан кабарлады.
1 / 3

Ош шаардык милициясынын эки кызматкери баңгизат сатууга шектелип кармалганын УКМКдан кабарлады

2 / 3

Маалыматка караганда, буга чейин УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ("Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") ылайык сотко чейинки өндүрүш ачылган

3 / 3

Милиция кызматкерлерин шектүү катары кармоо дал ошол иштин алкагында жүргүзүлдү.

Маалыматка караганда, буга чейин УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ("Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") ылайык сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Милиция кызматкерлерин шектүү катары кармоо дал ошол иштин алкагында жүргүзүлдү.
"2-апрелге караган түнү саат 03:15тер чамасында 894 грамм өзгөчө жыты бар баңгизатты сатууга камынып жаткан жеринен милициянын 40 жаштагы подполковниги А.К. жана 24 жаштагы старшина Т.у.А. кармалды. А.К. Ош шаардык милициясынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүн жетектесе, старшина Ош ОИИБнин 4-взводунун кенже инспектору кызматын аркалайт", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Мындай жол менен Ош шаарында мыйзамсыз баңгизатын ташыган каналдардын бири буулганы кошумчаланды.
УКМК Өзбекстандын чекисттери менен баңги топтун ишине бөгөт койду