БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Президенттин Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалган Нурил Алымбаевди эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырганын өкмөттөн кабарлады.
Президенттин Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалган Нурил Алымбаевди эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырганын өкмөттөн кабарлады
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону айтылды. Алымбаев 2021-жылдын июнь айынан бери облус башчысынын орун басары кызматын аркалап, өнөр жай жана экономикалык секторду тескеп келген.
2021-жылдын март айынан бери Чүй облусун Эркин Тентишев жетектеп турган. Анын кызматтан кетишинин себеби айтылган жок.