Экөө алтын. Боксчулар Сербиядан төрт медаль алып келди. Сүрөт

Жалпы командалык эсепте Кыргызстандын курама командасы үчүнчү орунду алган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Сербияда өткөн эл аралык мелдеште төрт медаль багындырды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Сербияда өткөн эл аралык мелдеште төрт медаль багындырды
Мелдеш 29-марттан 3-апрелге чейин Белград шаарында өттү.
Сейитбек Мунарбек уулу (57 кг) менен Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг) эл аралык турнирдин чемпиону болсо, ал эми Нуржигит Дүйшөбаев (51 кг) күмүш, Санжай Сейдакматов (57 кг) коло медалга ээ болду.
Жалпы командалык эсепте Кыргызстандын курама командасы үчүнчү орунду алды.
Эл аралык турнирге тогуз спортчу жөнөтүлгөн, аларды башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Улан Сагынбаев коштоп барган.
Бишкекте 500гө чукул велосипедчен жүрүшкө чыкты. Видео