Бүгүнкү күндө өлкөдө эпидемиологиялык абал кыйла жакшы. Учурда керектүү болгон дары-дармектер жетиштүү. Дары калбай калат деп алдын ала сатып алуудан алыс болуңуздар. Себеби аны дарыгердин рецептисиз өз алдынча колдонууга болбойт. Андан тышкары, ар бир препаратты колдонуу жана сактоо эрежелери, мөөнөтү бар экенин эстен чыгарбаңыздар. Бул тууралуу Исабек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанга дарынын 97 пайызы чет өлкөдөн алып келинет.
"Кыргызстан Россиядан дары-дармек жана медициналык каражаттын тогуз, ал эми Украинадан 3-5 пайызын импорттойт. Андыктан бул мамлекеттердеги кырдаалдан улам дары ташып келүүдө маселе жаралбайт. Андан тышкары, Саламаттык сактоо министрлиги Украинадагы кырдаалдан улам дары-дармек ташуу үзгүлтүккө учурабашы үчүн атайын ушул жаатта иш алып барган жумушчу топ түздү. Ага ылайык план иштелип чыгып, жашоого маанилүү болгон дары-дармектерди каттоосу жок Кыргызстанга алып келүү боюнча долбоор даярдалган. Өлкөгө жалпы 47 мамлекеттен дары-дармек алып келинет. Анын ичинен эң көбү Түркиядан (11 пайызы) импорттолот. Негизи бир эле дарынын көптөгөн аталыштары бар, ал эми ооруга таасир этүүчү зат бирөө эле. Андыктан бизде препараттарды бири-бири менен айкалыштырып колдонуу мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстанга дарылар жеке фармацевтикалык компаниялар тарабынан алып келинет. Учурда баа маселеси стабилдүү", — деди Исмаилов.
Ал эл аралык келишимдер доллар менен түзүлгөндүктөн буга чейин дары-дармектердин баасына көзөмөл жүргүзүү убактылуу беш айга токтотулганын кошумчалады.