Жакшы кабар! Пандемия башталгандан бери өлкөдө биринчи жолу COVID катталган жок

Анткен менен азыркы тапта стационарда 96, ал эми амбулатордук шартта 46 адам медициналык жардам алууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда биринчи жолу коронавирус жуктурган жаңы учур катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, акыркы суткада өлүм учуру да аныкталган эмес. Бирок коронавирустан дарыланып жаткандар бар. Азыркы тапта стационарда 96, ал эми амбулатордук шартта 46 адам медициналык жардам алууда.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпы 200 968 адамдан COVID аныкталып, анын 196 248и дартты жеңген. Тилекке каршы, дарт 2 991 адамдын өмүрүн алган.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Россияда "көрүнбөс омикрон" штаммы жайылып кетти