Стресс, эмоционалдык чыңалуу дагы кан басымды төмөндөтүшү ыктымал. Бул тууралуу Дамир Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кан басым төмөндөгөндө баш айланып, ооруйт, көз караңгылап, адам алсыз болот.
"Кан басым — бул оору эмес. Ал организмге толугу менен канды жеткирүү үчүн керектүү. Мунун нормасы 120-80, жогору учурда 110-140, ал эми төмөнкүсү 90-60 норма болуп саналат. Эгерде 90-60 же андан төмөн болгондо гипотония деп аталат. Мындай учурда организмдин бардык бөлүгүнө кан жетпей, кычкылтек менен камсыздай албай калат. Натыйжада баш айланып, ооруйт, көз караңгылап, адам алсыз болот. Ошондой эле кан басым төмөн болгону үчүн жүрөк бат согот. Кол-бут муздап, адам кубарып кетиши ыктымал. Кан басымдын төмөн болушуна бир нече себептер бар. Эгерде адам ар дайым стрессте, эмоционалдык чыңалууда болсо кан басым төмөндөшү ыктымал. Мындан тышкары, жүрөк-кан тамыр оорулары, эндокринологиялык илдет (гормондор жогору же төмөн болгондо), неврологиялык дарт, каны аз болсо же кан басым жогору болгонуна байланыштуу дарыларды ичсе ал төмөндөп кетиши мүмкүн", — деди Осмонов.
Дарыгер инфаркт кармаганда, өпкөдө тромб пайда болсо, адам кансыраса же организм өтө көп суу жоготсо кан басымдын төмөндөшүнө себеп болорун кошумчалады.