Independent: Британияда турмуш 1950-жылга чейинкидей кыйындап баратат

Британиянын тургундары кымбатчылыктан улам мурдагыдай кенен-кесир жашоо болбой калганын, өкмөт тиешелүү чараларды көрбөй жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Улуу Британияда энергияга болгон баанын асмандашынан жашоо деңгээли төмөндөп баратат. Мындай көрүнүш 1950-жылдардан тарта биринчи жолу болуп жатканын The Independent басылмасы жазды.
Кымбатчылыктын айынан кафесиндеги жумушчуларын кыскарткан Юсеф аттуу ишкер мурдагыдай жашоо болбой калганын, эл болушунча үнөмдөөгө өтүп жатканын айткан.
Басылмага маек берген үч баланын энеси Рифат Шакил үй-бүлөсүн багам деп дайыма карыз сурап калганын айтып кайгырган.
Жетекчилик кызматта иштеген 25 жаштагы Гарри Бенем сыртта жүргөндө шам-шум этүүнү да токтотконун билдирген.
The Independent басылмасынын сурамжылоосуна катышкан тургундар өкмөт карапайым калктын муктаждыгына көз жумуп жатат деп жооп беришкен.
Россия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын баштагандан бери Батыш Москвага санкциялык басымын күчөттү. Адегенде чектөөлөр банк секторуна жана жогорку технологиядагы продукцияларды ташууга киргизилди. Европада Россиядан ташылган энергия ресурстардын жетишсиздиги байкалууда.
Москвага киргизилген чектөөлөр батыш мамлекеттеринин өзүндө азык-түлүктүн жана күйүүчү майдын кымбатташына алып келди.
Bloomberg: Россия санкциялардан улам болуп көрбөгөндөй пайда көрүшү мүмкүн