Bloomberg: Россия санкциялардан улам болуп көрбөгөндөй пайда көрүшү мүмкүн

Эксперттер энергия ресурстарын сатуудан түшкөн киреше Москвага Батыш киргизген катаал чектөө чараларынын кесепетин жумшартууга көмөктөшкөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Россиянын негизги энергия ресурстарын сатып алуучулар импортко тыюу салбаса, Москва андан рекорддук делген 321 миллиард доллар киреше табышы мүмкүн. Бул тууралуу Bloomberg жазды.
Агенттик алдыда күтүлүп жаткан соода жана төлөм балансынын көрсөткүчүнө "мыкты" деген баа берген.
"Bloomberg Economics Россиянын каржы тармагына чет мамлекеттен басым күчөп жатканына карабастан, бул жылы Москва энерготашуучулардын экспортунан 321 миллиард доллар киреше табат деп боолголоп жатат. Бул каражат 2021-жылга салыштырмалуу үч эсеге көп. Ошондой эле Эл аралык каржы институтунун (IIF) маалыматында Россия азыркы операциялардын төлөмүнөн рекорддук калдыкка ээ болушу күтүлүп жатканын жазды. Көлөмү 240 миллион долларга жетет", — деп жазылган макалада.
IIF тобунун маалыматы боюнча, учурда киргизилген санкциялар Россияга багытталган акча каражатынын агымын токтото алган жок.
Мындан сырткары, эксперттер энергия ресурстарын сатуудан түшкөн киреше Москвага Батыш киргизген катаал чектөө чараларынын кесепеттерин жумшартууга көмөктөшкөнүн белгилеген.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Трамп: АКШ экономикалык апаат алдында турат