Апта ирмеми: Бангкогдогу жарык фестивалынан бодибилдер аялдарга чейин

Лас-Вегастагы "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу, Балыкчыдагы "Байрактар" менен машыгуу, Белгороддогу мунай базада чыккан өрт… Sputnik узаган жумада дүйнөдө болуп өткөн маанилүү окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт.
Sputnik
1 / 15

Пекиндеги (Кытай) "Феникс" борборунун терезелерин жууп жаткан киши

2 / 15

РФ Куралдуу күчтөрүнүн инженерлер бригадасынын биринин сапёрлору Херсон облусундагы каршылык көрсөтүү районуна коюлган миналарды жок кылууда

3 / 15

Бангкогдо (Таиланд) жарык фестивалына катышкан кыз

4 / 15

Тель-Авивдин (Израиль) пляжында эс алып жаткан аял

5 / 15

Медандагы (Индонезия) ислам мектеп-интернатындагы окуучулар ыйык Рамазан айынын биринчи күнүндө бешим намазга жыгылып жатышат

6 / 15

Лас-Вегаста (АКШ) өткөн "Гремми" сыйлыгынын 64-аземинде эң мыкты поп-альбом сыйлыгын Оливия Родриго алды

7 / 15

Мехикодо өткөн Ceremonia музыкалык фестивалындагы жарманкеге катышкан мексикалык фанаттар

8 / 15

Гуахатиде (Индия) өткөн бодибилдинг боюнча өткөн биринчи улуттук чемпионаттын катышуучулары

9 / 15

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Балыкчыда өткөн "Калкан–2022" атайын машыгууга күбө болду

10 / 15

Нью-Делидеги (Индия) Газипур таштанды жайындагы таштандыларды сорттоп жаткан экскаватор

11 / 15

Ямуна (Индия) дарыясындагы кайыктар

12 / 15

Балыкчы — Кочкор темир жолунун курулушу башталды. Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолун 2030-жылы толугу менен бүткөрүп, эксплуатацияга берүү пландалууда

13 / 15

Берлиндик көчө сүрөтчүсү Эме Вольнодумц "Оскар" сыйлыгын тапшырууда комик Крис Рокту бетке муштаган актёр Уилл Смитти тарткан. Анын эмгегин жолдон өтүп бара жаткан киши карап турат

14 / 15

1-апрель күнү эртең менен Украинанын эки тик учагы Белгороддогу (Россия) мунай базага сокку урду. Анын кесепетинен өрт чыккан

15 / 15

Гонконгдун (Кытай) сейил багындагы балдар