БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Акыркы 18 жылдын ичинде Түндүк муз океанындагы муздун үчтөн бир бөлүгү эрип кетти. Бул тууралуу АКШлык окумуштуулардын изилдөөсүнө таянып National Geographic Россия жазды.
Арктика жана Антарктика илим-изилдөө институтунун илимий кызматкери, орнитолог Мария Гаврилонун айтымында, эгер планета бир градуска жылыса, ошол эле мезгилде Арктика үч градуска ысый баштайт. Буга табигый процесстер сөзсүз жооп кайтарат.
"Деңиз музу – бул деңиз бетинде калкып жүргөн жөн гана тоңгон суу эмес, бул өзгөчө экосистема. Муздун астында балырлар өсүп, аларды рак сымалдуулар менен омурткасыздар жешет. Кийин алар өздөрү омурткалууларга жем болуп беришет", — деди Гаврило.
Адистин айтымында, мындан улам учурда кылымдар бою калыптанган азык-түлүк чынжырчасы үзүлүп бара жатат. Бара-бара тюлень, кит, канаттуулар ачка калууда. Аңчылык үчүн муз аянтчасына муктаж болгон ак аюулар да ушундай абалга туш болуп жатат.
"Муз кетип бара жатат, ак аюу Түндүк уюлга жакын жердеги музга жетип алса да, ага тамак табуу кыйыныраак болот. Анткени балыктар аз, тюлендер дээрлик жок. Аймактын түштүк тарабын байырлаган жаныбарларга мындай аба ырайы ыңгайлуу болуп калды. Бирок музду айланчыктап жашаган жандыктардын башка барар жери жок", — деди адис.
Кырдаал мындан ары кандай өнүгөрүн окумуштуулар азырынча болжолдой элек.