Сотто Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начарлап, тез жардам чакыртылды. Видео

Тез жардам чакыртылганына байланыштуу сот отуруму эртең саат 10:00гө жылдырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сот процесси учурунда ден соолугу начарлап, өзүн жаман сезгендиктен тез жардам чакыртылды.
Белгилей кетсек, бүгүн, 4-апрелде, Биринчи май райондук соту октябрь окуялары боюнча козголгон ишти карады.
Атамбаевдин адвокатынын айтымында, сот саясатчыны жыйынга мажбурлап алып келүү чечимин чыгарган.
Тез жардам чакыртылганына байланыштуу сот отуруму эртең саат 10:00гө жылдырылды.
Атамбаевдин өлүмүн каалашпаса толук текшеришсин. Жоошевдин билдирүүсү