БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов америкалык Newsweek басылмасына берген маегинде Бучада жай жарандарды зыянга учураткан нерсе украиналык аскерлер тарабынан жасалган артиллериялык атуулар болушу мүмкүндүгүн айткан.
Бул тууралуу жазган РИА Новости элчинин АКШнын үндөбөй жатканы тууралуу айтканын белгиледи.
"АКШда россиялык жоокерлер чыгып кеткенден кийин Буча шаары Украинанын аскер күчтөрүнүн артиллериялык аткылоосуна кабылган факты боюнча билип туруп үн катпай турат. Ал аткылоо жай жарандардын өмүрүнүн кыйылышына алып келген болушу мүмкүн", — деген Антонов.
Дипломат "Киев режими өзүнүн бардык кара санатайлык иштерин Россияга оодара салууга" кылган аракети көрүнүп турганын баса белгилеген.
Эске салсак, украин бийлиги менен ЖМКлары Киевдин жака-белинде "орустардын кылмышы" тууралуу тартылган видеону таратты. Аталган тасмада жолдо адамдардын сөөгү жатканы тартылган. Көргөндөр "сөөктөрдүн" колу кыймылдап, аскер техникасынын алдында калбоого аракет кылып жатканын байкашкан. Ал эми бир транспорттун күзгүсүнөн машина өтөрү менен туруп бараткан "маркумду" көрүүгө болот. Россиянын Коргоо министрлиги Украина бийлигинин Буча шаарындагы россиялык жоокерлердин "кылмышын" тастыктады делген материалы — кезектеги чагымчылык экендигин билдирген.
Аталган министрлик россиялыктар көзөмөлдөгөн аймакта бир дагы жергиликтүү тургун зордук-зомбулуктан жабыркабаганын белгилеп, аскер бөлүктөрдүн баары шаардан 30-мартта, Москва менен Киев өкүлдөрүнүн Стамбулдагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин эле чыгып кеткенин эске салды.
Шаардын түштүк жагы, аны ичинде эл жашаган кварталдар күнү-түнү украиналык аскерлер тарабынан аткылоого алынганда түндүк тарапты көздөй чыккан тарап тосулган эмес.