БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, тоо-кен тармагынын кызматкерлерин Геологдор күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ал геология тармагы мамлекеттик бюджетти түзүүчү жана улуттук саясаттын стратегиялык багыттарынын бири экенин белгилеген. Президент "Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" жарлыгы кол койгон алгачкы документтеринин бири экенин эске салды. Анын алкагында бир катар реформалар жүргүзүлүп, жергиликтүү мамлекеттик ишканалар аркылуу стратегиялык кендерди Кыргызстан өзү иштетүүнү колго алган.
"Тышкы башкарууну киргизүүнүн эсебинен Кумтөр кенинде өндүрүлгөн бардык алтын жана компаниянын пайдасы өлкө аймагында калууда. Ошондой эле чакан жана орто бизнес боюнча долбоорлорду каржылоо багытында рекультивация фондуларынын каражаты мамлекеттик банктарда топтоло баштады. Кен чыккан жерлерди иштетүү, аларды ишке киргизүү үчүн инвестиция тартууга түрткү берүү, лицензияларды кармоо ставкалары өзгөртүлдү", — деген Жапаров.
Мамлекет башчы 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча кен иштеткен ишканалар өлкө бюджетине салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр менен кен иштетүүдөгү социалдык төлөмдөрдөн 23 миллиарддан ашык сом төккөнүн белгилеген.
"Бул көрсөткүчтөргө ушул тармактын бардык кызматкерлери, анын ичинде геологдордун талыкпаган эмгегинин арты менен жетип жатабыз. Бүгүнкү күндө геология тармагын өнүктүрүү үчүн дүйнөлүк тенденциялар заманбап технологияларды колдонуу жана өлкө аймагында масштабдуу, системалуу изилдөөлөрдү жүргүзүү сыяктуу жаңы ыкмаларды киргизүүгө түрткү берет", — деген президент.
Ал заманбап ыкмаларды адистер ыкчам өздөштүрүп, тез арада колдонууга киргизет деп ишенерин белгилеген.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.