Россиялык хоккейчи кыз шайбаны колу менен тосуп алган видео

Россиянын хоккей боюнча кыз-келиндердин курама командасынын жана "Агидель" клубунун голкипери Мария Сорокина таймаш учурунда шайбаны колу менен тосуп алган.
Sputnik
Бул окуя аялдардын хоккей боюнча лигасында болгон.
Анда "Агидель" "Торнадо" менен таймашып жаткан.
Видео лиганын YouTube-каналына жарыяланды.
Р-Спорт Сорокинанын колунан кармагыч ыргып кеткендигин, бирок кыз буйдалып калбай атаандаш тараптын чабуулчусу Анна Шохина урган шайбаны колу менен тосуп калганын жазды.
Маалыматта андан кийин дарбазачы колу ооруп кеткендиктен оюн токтотулгандыгы жазылган.
"Сокку катуу болду. Анна Шохина катуу чабат. Ооруга чыдаса болот, кудум колуңду эшикке кыпчытып алгандай сезим. Азыр жакшы, өтүп кетти. Дароо эле кармай калдым. Ойлонууга убакыт аз болчу. Атаандашым кайсы тарапты көздөй урарын (шайба – ред.) билдим. Оюнду улантыш керек эле, аны өткөрүп жиберүүнү каалаган жокмун", — деп комментарий берген Сорокина ал учур туурасында.
"Агидель" "Торнадону" 3:2. эсеби менен уткан. Сорокина 2016-жылдагы дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, Россиянын эки жолку чемпиону.