Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЛЭР Буча шаарында тартылды деген видео боюнча комментарий берди

Дипломат америкалык тергөөчүлөрдүн өздөрү Украинадагы абал тууралуу фейк маалыматтарды жайылтуу боюнча 150дөн кем эмес PR-структура жана Батыштын алдыңкы медиакомпаниялары иштей турганын билдиришкенин эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Киевдин жака-белинде "орустардын кылмышы" тууралуу тартылган видео Батыштын Украинадагы абалды чагылдырган фейк маалыматтарды жайылтуу боюнча PR-структураларынын ишинин үлгүсү. Бул тууралуу Луганск Эл Республикасынын башчысынын дипломатиялык кеңешчиси Родион Мирошник Телеграм каналына жазганын РИА Новости кабарлады.
Ал украин ЖМКларында жана соцтармактарында Буча шаарында тартылды деген видеого комментарий берген. Аталган тасмада жолдо адамдардын сөөгү жатканы тартылган. Көргөндөр "сөөктөрдүн" колу кыймылдап, аскер техникасынын алдында калбоого аракет кылып жатканын байкашкан. Ал эми бир транспорттун күзгүсүнөн машина өтөрү менен туруп бараткан "маркумду" көрүүгө болот.
"Конвейер иштеп жатат, бирок айрым учурда үзгүлтүккө учураганын Батыш байкабай калууда. Аларга "кылмыштын" жана орустар киши өлтүргүч деп кыйкыруунун өзү таасир этип жаткандай. Арты эмне менен бүтөрүн ойлонгон эч ким жок", — деп жазган Мирошник.
Ал америкалык тергөөчүлөрдүн өздөрү Украинадагы абал тууралуу фейк маалыматтарды жайылтуу боюнча 150дөн кем эмес PR-структура жана Батыштын алдыңкы медиакомпаниялары иштей турганын билдиришкенин эске салды.
"Мына, алардын ишинин үзүрү", — деди Мирошник.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мединский: Украина менен келишим боюнча талкуулар 4-апрелде башталат