Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия Бучадагы массалык киши өлтүрүү боюнча Украинанын билдирүүсүн төгүндөдү

Билдирүүдө россиялыктар көзөмөлдөгөн аймакта бир дагы жергиликтүү тургун зордук-зомбулуктан жабыркабаганы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Украина бийлигинин Буча шаарындагы россиялык жоокерлердин "кылмышын" тастыктады делген материалы — кезектеги чагымчылык. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.
"Киев режими тарабынан россиялык жоокерлердин "кылмышын" далилдейт деп жарыяланган сүрөттөр жана видеоматериалдардын баары кезектеги чагымчылык", — дешти ведомстводон.
Билдирүүдө россиялыктар көзөмөлдөгөн аймакта бир дагы жергиликтүү тургун зордук-зомбулуктан жабыркабаганы айтылат. Министрлик аскер бөлүктөрдүн баары шаардан 30-мартта, Москва менен Киев өкүлдөрүнүн Стамбулдагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин эле чыгып кеткенин эске салды.
"31-мартта Буча шаарынын мэри Анатолий Федорук өзүнүн видеокайрылуусунда калаада бир да россиялык жоокер калбаганын тастыктаган, ал көчөдө атылган жергиликтүү тургундар тууралуу эч нерсе айткан эмес. Андыктан "кылмыштын далилдери" Коопсуздук кызматы менен украин телевидениесинин өкүлдөрү келген төртүнчү күнү гана пайда болгону таң калычтуу деле эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, Киев режими жарыялаган маркумдардын сөөгү төрт күн өтсө да катыбай, кадимкисиндей экенине көңүл бурушкан.

"Мунун баары Бучадагы сүрөттөр менен видеокадрлар Батыш ЖМКлары үчүн Киев режими тарабынан атайын даярдалган кезектеги спектакль. Мындайга Мариуполдун төрөт үйүндөгү окуяны кошсок болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик шаардын түштүк аймагы украин тараптан аткылоого туш болуп келгенин эске салды. Ал эми Россия Киев облусуна 452 тонна гуманитардык жардам жеткирип, армия жай тургундардын шаарда ары-бери жүрүүсүнө жана мобилдик байланыш колдонуусуна эч тоскоолдук жараткан эмес.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЛЭР Буча шаарында тартылды деген видео боюнча комментарий берди