Трамп: АКШ экономикалык апаат алдында турат

Трамптын айтымында, Жо Байден жетектеген азыркы администрация мурдагы жетекчилик тарабынан түзүлгөн бардык нерсени тобокелге салып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Америка экономикалык апаат алдында турат деп айтып чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Реалдуу киреше төмөндөп, стагфляциянын (экономика төмөндөп, ошол эле учурда баалардын жогорулап кетиши — ред.) босогосунда турабыз. Бир эле убакта экономикабыз депрессиялык абалга түшөт да баалар асман чапчыйт", — деди Трамп Мичиганда тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып.
Анын айтымында, Жо Байден жетектеген азыркы администрация, "радикал демократтар" мурдагы жетекчилик тарабынан түзүлгөн бардык нерсени тобокелге салып жатышат. Сөзүнүн соңунда Трамп экономикадагы абалды "Байдендин инфляциялык апааты" деп атады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Дональд Трамп Украинадагы кырдаалга Байденди күнөөлөдү