Бишкекте эки жеңил автоунаа кагышып, төрт адам жабыркады

Кырсыктан жабыркагандардын үчөө бир үй-бүлө мүчөлөрү. Алар ооруканага жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. 2-апрелге караган түнү Бишкекте жол кырсыгы катталып, төрт адам жабыркады. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 1-апрель күнү болжол менен саат 23:30да Аалы Токомбаев жана Нуркамал Жетишкаева көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Ist менен Honda Civic үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.
"Кырсыктан Toyota Ist үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, келинчеги жана кызы жабыркап, ооруканага жеткирилген. Ал эми Honda Civic үлгүсүндөгү автоунаадан бир жүргүнчү жабыркаган", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин соцтармакта Honda Civic үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу кырсык болгон жерден из жашырып кетти деген маалымат пайда болгон. Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу бул билдирмени төгүндөдү.
Анын айтымында, эки машина тең айып короого токтотулган. Экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Чүйдө үрөй учурган жол кырсыгында эки киши мүрт кетти. Сүрөт