Бишкекте 500гө чукул велосипедчен жүрүшкө чыкты. Видео

Спорттук иш-чаранын соңунда катышуучуларга концерт уюштурулган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкекте велосезондун ачылышы өткөнүн Sputnik агенттигинин кабарчысы билдирди.
Веложүрүшкө 500гө чукул велосипедчен катышкан. Милиция айрым көчөлөрдү убактылуу жаап, азыр ачылды.
Велосипедчилердин жоон тобу Жеңиш паркынан старт алды. Алар Токомбаев көчөсү менен Нуркамал көчөсүнө чейин барып, ошол жерден кайра Токомбаев көчөсү менен Жеңиш паркына кайтышкан. Ал жакта катышуучулар үчүн концерт уюштурулган.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Азаматтар! Ташкенттеги марафондо кыргызстандык спортчулар 3 алтын, бир күмүш алды