Күн ысыйт! Бир жумага карата аба ырайы

Айрым аймактарда күн 28-30 градуска чейин ысышы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, келе жаткан жумада абанын температурасы көтөрүлөт. Апта этектеп калганда айрым тоолуу райондордо жаан-чачын жана кар жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, ал эми түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.
Бишкекте 3-4-9-апрелде жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй, Талас облустары

Облустун аймактарында 4-7-апрелде күн ачык болот. 8-9-апрель күндөрү тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Ошто 4-8-апрель күндөрү жана 9-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Жалал-Абадда 4-6-апрелде күн ачык болот, 7-апрелде күндүз жана 8-9-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт.
Баткенде дагы жуманын башында күн ачык болот. 9-апрелде гана кээ бир райондордо жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт.
Облустарда түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Ысык-Көл, Нарын облустары

Эки облуста тең жуманын этегине чейин күн ачык болушу күтүлүүдө. Нарында 9-апрелде жаан жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Күн ысып, кар көчкү түшөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты