Каатчылык учурунда антикризистик башкарууну киргизүү демилгеленүүдө. Бул тууралуу Насирдин Шамшиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул антикризистик чараларды тез арада кабыл алууга мүмкүндүк берет.
"Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери негизинен кризистик абалда жашап келе жатат. Маселен, 1990-2000-жылдардагы абал, 2010-жылдагы Россиядагы буудайга байланыштуу ундун каатчылыгы, пандемия, санкциялар жана башка. Өлкө экономикасы глобалдык, анын ичинде жакынкы өнөктөш Россиянын экономикасына байланган. Андыктан аларга киргизген санкциялар кыйыр түрдө Кыргызстанга дагы таасирин тийгизет. Азырынча мындай экономикалык абал канчага чейин созуларын эч ким билбейт. Демек, тийиштүү чаралар кабыл алынып, балким, башка соода жолдорун караштырууга туура келер. Ар бир жолку каатчылыкта антикризистик план кабыл алынып, анын алкагында аракет көрүлүшү шарт. Мына ошол планды кабыл алуу үчүн бир айдай убакыт кетип калууда. Негизинде бул мыйзам тез арада, 5-6 күндүн ичинде кабыл алынып, ишке кириши керек. Ошондуктан кризис учурунда ыйгарым укуктуу органга мүмкүнчүлүктөрдү берүү зарыл. Башкача айтканда, экономикалык көрсөткүчтөрдө күтүүсүз өзгөрүүлөр болгондо антикризистик башкаруу киргизүү демилгеленүүдө. Аны ыйгарым укуктуу орган мамлекет башчыга жана министрлер кабинетине сунуштайт. Ага үч айдын ичинде инфляция 3,5 пайыздан жогоруласа, мамлекеттик карыз бир айда 10 пайыздан ашса, ИДӨ көлөмү, сырткы соода жүгүртүү 10 пайызга түшсө же ички инвестициянын сыртка чыгуусу 10 пайыздан ашса негиз боло алат", — деди Шамшиев.
Ошондой эле ал антикризистик башкаруу киргизүү чечимин президент гана кабыл аларын кошумчалады.