АКШ акыркы жумада Россиядан нефть алуунун көлөмүн 43%га көбөйттү

Эскерте кетсек, Вашингтон жер семирткич биринчи керектөөгү товар экенин моюндап, аны Россиядан алууга уруксат берген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. АКШ өткөн жума ичинде Россиядан нефть алуунун көлөмүн 43 пайызга, башкача айтканда, суткасына 100 миң баррелге чейин көбөйттү. Бул тууралуу РФ Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Михаил Попов айтканын РИА Новости жазды.
"Европаны антироссиялык санкция киргизүүгө мажбурлаган АКШ азыр нефть импортунун көлөмүн көбөйтүп жатат. Өткөн жумада "кара алтындын" көрсөткүчү 43 пайызга жетти, бул суткасына 100 миң баррель дегенди түшүндүрөт. Мындан тышкары, Вашингтон өз компанияларына Россиядан минералдык жер семирткич алууга уруксат берди", — деген Попов "Комсомольская правда" гезитине маек куруп жатып.
Анын айтымында, Европа АКШдан дагы далай күтүүсүз "белектерге" ээ болот. Попов "Вашингтон азырынча европалыктарга жооп берүүгө жол бербей жатканын" белгиледи.
Адис: санкциялар Түштүк Америкада эле он миллиондогон кишини ачка калтырат