АКШлыктар бензинди жапырт куюп кетип, Мексикада тартыштык башталды

Мексикада күйүүчү май жүктөп бараткан унаалар. Архив
Россиянын энергия булактарынын импортуна тыюу салынгандан кийин АКШда бензин рекорддук баага жетти. Эң жогорку көрсөткүч 11-мартта болгон, анда бир галлон (3,7 литр) 4,3-5,82 долларга чейин көтөрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Мексиканын АКШ менен чектеш аймактарында күйүүчү майдын жетишсиздиги байкала баштады. Буга америкалыктардын жапырт коңшу өлкөгө кирип май куюп кетип жатканы себеп болгонун Мексиканын Финансы министрлигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
“Чек ара аймагындагы бензиндин тартыштыгына дүйнөдө күйүүчү майдын кымбаттаганы себеп экени талашсыз. Бирок Мексикада АКШга караганда баанын төмөн болуп жатканы америкалыктарды өтө кызыктырууда. Мындан улам алар майды куюп кетип, мексикалыктардын өздөрүндө көйгөй жаралууда”, — деп жазылат кабарда.
2-апрелден бери Мексикада күйүүчү майга субсидиялар убактылуу жокко чыгарылган. Бирок ага карабай күйүүчү майдын баасы дагы эле АКШга караганда төмөн бойдон калууда.
Россиянын энергия булактарынын импортуна тыюу салынгандан кийин АКШда бензин рекорддук баага жетти. Эң жогорку көрсөткүч 11-мартта болгон, анда бир галлон (3,7 литр) 4,3-5,82 долларга чейин көтөрүлгөн.
Эске салсак, мартта президент Жо Байден Кошмо Штаттар Россиядан мунай жана күйүүчү майдын бардык түрүн импорттоого тыюу салганын жарыялаган. Мындай кадам мунай заттын баасына болгон кырдаалды ого бетер курчутту. Ансыз да соңку күндөрү нефтинин баррели 100 долларга көтөрүлгөн.
Париждеги такси. Архивдик сүрөт
Францияда күйүүчү майдын кымбатташына нааразы таксисттер митингге чыкты