Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Токаев менен Путин Россиянын Украинадагы атайын операциясын талкуулады

Тараптар Украинанын өзөктүк куралдан жана блоктон тыш, бей тарап макамы боюнча макулдашууга жетишүү тууралуу бирдей пикирин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Казакстан менен Россиянын президенттери Касым-Жомарт Токаев жана Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Путин Токаевге Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берген.
"Украинанын өзөктүк куралдан жана блоктон тыш, бейтарап макамы боюнча макулдашууга жетишүүнүн өзгөчө маанилүүлүгү тууралуу кеп болгон", — деп жазылган маалыматта.
Мамлекет башчылары алгач эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечектеги өнүгүүсү тууралуу кенен талкуулашкан.
Эки тараптуу сооданын өсүшүн сактоо үчүн мамлекеттердин өкмөттөрүнүн эң маанилүү товардык позициялары боюнча аракеттерин активдештирүүнү макулдашышкан.
Мединский: Украина негизинен Россиянын башкы талаптарына макул болду