Каалаган жумушка орношуу үчүн резюмени кантип даярдоо керек? Кеңеш

Биринчи кезекте жумуш издөөчү өзүнө кандай иш издеп жатканын жана колунан эмне келерин так, түшүнүктүү кылып жазышы керек. Иш берүүчүлөр түшүнүксүз, өтө узун жазылган резюмени карагысы келбейт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кызматкерлерди тандоо боюнча адис Евгений Бобков "Известия" басылмасына маек куруп жатып иш берүүчүнүн көңүлүн бурдуруу үчүн резюмени кантип даярдоо керектигин түшүндүрүп берди.
Биринчи кезекте жумуш издөөчү өзүнө кандай иш издеп жатканын жана колунан эмне келерин так, түшүнүктүү кылып жазышы керек. Иш берүүчүлөр түшүнүксүз, өтө узун жазылган резюмени карагысы келбейт.
"Идеалында резюме эки барактан ашпашы керек. Мүмкүн болушунча маалыматты узун формулировкаларсыз жана татаал сүйлөмдөрсүз көрсөткөн оң. Ошол эле учурда каалаган эмгек акы, билим деңгээли, иш тажрыйбасы, сүрөт жана байланыш номери сөзсүз болушу шарт", — деди Бобков.
Ошондой эле адис резюмеге мурдагы жумуш орундарындагы жетишкендиктерди кошуп коюуну сунуштайт.
"Бирок болушунча жөнөкөй тил менен жана аша чаап кетпей, так маалыматты жазуу керек. Анткени азыр интернет, социалдык тармактар өнүккөн кезде адам тууралуу маалыматты тастыктап алуу кыйын эмес. Башкача айтканда, жетишкендиктер тууралуу калп айтпаш керек", — деди адис.
Мындан тышкары, ал резюмени жазып бүткөндөн кийин өзү жакшылап текшерип жана башка бирөөгө дагы каратып алууну сунуштайт. Анын пикиринде, грамматикалык каталар көпчүлүктү кыжырлантат. Иш тажрыйбаңыз жетип турса дагы катанын айынан мүмкүнчүлүк колдон чыгып кетиши мүмкүн.
Радио
Айдаралиева: пенсионерлерди жумушка алуу сунушталууда