Sputnik редакциясында кесипкөй музыкант, продюсер, букинг-менеджер, ар кандай иш-чаралардын уюштуруучусу Ислам Сатаров маек курду. Биз протоколдук концерттердин уюштурулушу, өлкөдөгү концерттик залдардын абалы, деги эле кыргыз шоу-бизнеси тууралуу кенен сүйлөштүк.
— Бизде маданият тармагы аз каржылангандыктан муну хобби катары көрүп, башка иштерге ооп кеткен таланттуу адистер көп. Сиздин ушул чөйрөгө келүүңүздүн негизги себебин билсек.
— Кыргыз элинде Мыскал Өмүрканова, Рыспай Абдыкадыров, Болот Миңжылкыев өңдүү таланттар абдан көп чыккан да. Кичинемде кыргыз радиосун укчумун. Кыргызстанга шоу-бизнес жаңы келип, өнүгүп баштаган учурда Динара Акулова, Айчүрөк Иманалиева жана Бек Борбиевди жанынан бир көрүүгө ашыгып, кандай адам экенин билүү мен үчүн абдан кызык эле. Алар концерттик костюмдарын кийип алып филармонияда же спорт сарайында элди күтүп отургандай сезилчү. Кыялданып, максатты туура койсоң кудай тилегиңди берет экен. Менин ата-энем да музыка мугалими эле. Ал эми айтылуу Аксуубай Атабаев чоң таякем болот. Тайларымды тарткан окшойм.
Мурда продюсер деген түшүнүк жок болчу да. Бул термин кыргыз шоу-бизнесинде жакынкы он жыл ичинде колдонула баштады. Продюсер — бул продукт иштеп чыгуучу деп түшүнсө болот.
Кыргыз шоу-бизнесинде ырчынын кийимин тиктирип, ага ыр жаздырып, анан тойлорго ырдатып чыгарууну эле продюсердин иши деп түшүнүп алышты.
Бул кесипти тандап алуу менен элден өзгөчөлөнүп иш алып баруу үчүн аябай издендим. Жыйырма жылдык өмүрүмдү, эмгегимди арнап, окуп, изилдеп, тажрыйба топтодум. Төрт тыйын тапсам да башка мамлекеттерге барып жаңы адамдар менен таанышып, алардан жакшы нерсе үйрөнүүгө жумшадым. Негизи сүйүктүү ишиңде талбай эмгектене берсең, акыбети кайтат экен.
Сатаров: Бул кесипти тандап алуу менен элден өзгөчөлөнүп иш алып баруу үчүн аябай издендим. 20 жылдык өмүрүмдү, эмгегимди арнап тажрыйба топтодум
© Фото / из личного архива Ислама Сатарова
— Кичинеңизден эле оор турмушту көрүп, анан эл-жер көрүүнү максат кылып Өзбекстанга кетип калган жайыңыз бар экен...
— Албетте, ийгиликке жетишкенден кийин кечээки турмушуңду унутуп койгонго болбойт. Андай күндөрдү Шералы хандын чокоюндай эстей жүрүү керек дешет. Ата-энем жаш үйлөнүп, мени чоң атамдын карындашы "торолтуп берейин" деп алып, ошону менен бербей койгон экен. Атамдар анда шаарда студент. Алар деле жаштык кылса керек. Бирок ата-энемди сагынып, аябай көргүм келчү. Баласын туугандарыныкына калтырып, мигрант болуп кетип жаткан ата-энелерге такыр түшүнө албайм. Бул мен үчүн оор.
Мен деле кыйналып кулчулукта жүргөн жокмун, бирок алты жашка чейин такыр башка чөйрөдө жүрүп, андан кийин эле "биз сенин ата-энеңбиз, мындай бол, андай кыл" деп баштаса бала үчүн түшүнүксүз жагдай жаралат экен. Эсимде ошол кезде аябай түнт элем. Эч ким менен ачылып сүйлөшчү эмесмин. Мугалимдердин мен тууралуу "бул бала эмнеге мындай, ыя" деп сүйлөшө бергени катуу тийчү. Агайларым "космонавт" деп эркелетип коюшчу. Себеби башка дүйнөдө жүрө берчүмүн. Кийин "өзгөрүшүм керек" деп ойлоно баштадым. Мектептен музыка, геометрия, англис тили сабактарына кызыгып, жакшы окудум. Жашоодо пессимист эмес оптимистмин. Дайыма позитивдүү ойлоном. 1998-жылы Өзбекстандан соодагерлер келип биздикинде бир айдай жашап калышты. Анан алар мени "жүрү, барып шаарды көрүп келбейсиңби?" дегенде ата-энемдин уруксаты менен аларды ээрчип Ташкентке, андан ары Андижанга бардым. Үч күн өтпөй баягы кишилер камалып кетип, тааныбаган жерде жалгыз калдым. 16 жашта болчумун. Алардын тилин билбесең, эч кимди тааныбасаң бөтөн жерде кыйын экен. Ошентип өзбекче үйрөнүп, жалаң өзбектер менен сүйлөшүп жүрүп бир жылдан соң кыргызчаны унутуп, өзүмдү Айтматовдун чыгармасындагы маңкурттай сезе баштадым. Башымда өзбектердин допусу. Ошондо "кой, мен кыргыз экенимди унутпашым керек" деген ой келди. Анан бир күнү эле Юлдуз Усманованын афишасын көрүп, "ии, Жылдыз Осмоналиеваны өзбектер Усманова дешет го" деп концертине кирүүгө аябай жанталаштым. Билети 120 миң сум экен. Менде кайдагы акча? Айланчыктап жүрсөм өздөрү чакырып, барабан ташытып кирип кеттим. Ошондо чыныгы шоу-бизнес эмне экенин көргөм. Стадиондогу 40 миң кишинин кол чабуусу мага арналгандай сезилип, ичим жалындап эргүү алгам. Анан "эмне үчүн бизде ушундай мыкты стадиондор жок?" деп да ойлоно баштадым. Ошону менен акырын жылып Ошко келип, бара-бара шоу-бизнеске аралашкам.
Сатаров: бир ырчыга бир жылда эки иш-чара уюштуруп берсең, "жакшы" дейт. Үчтү уюштурсаң "абдан жакшы", төртүнчүсүндө "бул биздин досубуз" деп калат
© Фото / из личного архива Ислама Сатарова
— Сиз ошол Андижанда жүргөндө диний окуу жайда да окуган экенсиз. Бул кийинки чыгармачылыгыңызга кандай таасир этти?
— Динчил адам бөлөк. Ал эми кудайга ишенүү деген такыр башка. Туура, менин жогорку диний билимим бар. Дин деген бул адамды айбандан бөлүп турган чек. Кудай жаныбарларга напсини гана берсе, бизге напси менен акылды кошо берген. Динди деле манипуляция катары пайдалангандар бар.
Андижанда жүргөндө аттестатсыз калбайын деген коркуу сезими менен ушул мектепке киргем. Ал жакта кадимкидей эле бардык сабактар өтүлчү, бир гана айырмачылыгы куран китебин окуганды үйрөттү. Куранды толук окуп чыккам. Аны диний китеп эмес, ааламдын Конституциясы катары кабыл алам. Негизи шоу-бизнес, саясат өңдүү диний өкүлдөрдүн арасында деле бийлик талашуу болот. Жөн эле динге фанат боло бербестен, жакшы түшүнүү керек. Динди толук кармап, жүрөгүң менен изилдеген аалым бол же көңүлүң сүйгөн кесипти аркалап, татынакай өз жолуң менен жашап өт. Дин — бул заманбап нерседен алыстап кетүү дегенди билдирбейт. Пайгамбарыбыз деле биздин доордо төрөлүп калса заманбап кийимдерди киймек деп ойлойм.
Мен дагы динге каршы эмес иштерди жасап жатам. Анткени ислам дининде улутуңдун маданиятын, каада-салтын билүү, ардактоо жана башка элдин да маданиятын сыйлоо керектиги айтылат.
2017-жылы диний ырларды ырдап дүйнөгө белгилүү болгон, Британиядагы Королдук академиянын профессору Сами Юсуфту алып келдим. Ошондо абдан чоң талкуу болду. Ага чейин Чубак ажы Жалиловго жана Абдышүкүр Нурматовго барсак, каршылыгын билдирген эмес. Динде ырга каршылык жок. Аны эч бир хадистен, Курандын аятынан да окуган эмесмин.
Сатаров: мамлекеттик деңгээлдеги эл аралык иш-чараларды өткөрүүдө Кремлдин администрациясы менен түз сүйлөшүп, программаларды талкуулаган учурлар болот
© Фото / из личного архива Ислама Сатарова
— Жакында эле Москвада өткөн "Орто Азия элдеринин достугу" иш-чарасын өткөрүүдө сиздин салымыңыз зор болду. Кандайча уюштуруп калдыңыз?
— 2019-жылы мага Самара Каримова кайрылып, Кремль сарайында концерт өткөрүүгө жардам сурап калды. Ага чейин бирөөлөр "сүйлөшүп берем" деп алдап кетишкен экен. Анан дароо эле макулдугумду берип, концертке режиссёр болдум. Мамлекеттик деңгээлдеги эл аралык иш-чараларды өткөрүүдө Кремлдин администрациясы менен түз сүйлөшүп, программаларды талкуулаган учурлар болот. Жакшы тааныш болуп калганбыз.
Кийин Бишкектеги бир курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов чалып, максатын түшүндүрдү. Ошондон кийин даярдана баштадык. Бул концерттин уюштурулушунда жүздөгөн адамдын эмгеги бар. Жалгыз жасадым дегенге болбойт. Бирок долбоордун автору катары баштан-аяк уюштуруп бердим. Анан биздин мекендештерден айланса болот, пандемияга карабай келип колдоп беришти. "Орто Азия элдеринин достугу" деп атаганда алгач каршылык болду. Ошентип 40 күн дегенде долбоорго толук колдоо таптык. Макулдук алгандан кийин Кремль сарайындагы даярдык иштерин өткөрүү эт туурагычка түшүп калгандай эле сезим калтырды. Анткени кичине эле ката кетирсең, айып пул төлөйсүң.
Ага чейин Игорь Крутойдун 60 жылдык "Песни года" деген фестивалына конок катары чакырылып, отурсам кыргыз эжелер стадионду жууп жүрүшөт. Анан "мен го кыйратып койгонсуп мында отурам, бул апалар минтип жүрөт" деп ойлондум. Кийин кийимин тиктиртип "Шайыр апалар" тобун түздүм. Ошентип Москвадагы клининг тармагында иштеген апалар да Кремлдин сахнасында ырдашты.
Жеңишбек Жумакадыр, Айсулуу Тыныбекова чыкканда эл он мүнөттөн ашык тынбай кол чапты. Эми бул концертти Монакодо өткөрөлү деп турабыз. Монаконун ханзаадасынын уруксаты менен дүйнөлүк кечелер өтүүчү Грималь-ди форум холлун сүйлөштүк. Анан, кудай буюрса, Казакстанда, Стамбулда жана 2023-жылы Лондондогу Royal Albert Hall залында өткөрүү планыбызда бар. Кыргызстандын деңгээлиндеги эл аралык "Эл достугу" сыйлыгын иш-чарага келген чет элдик меймандар биринчи жолу алышты.
Эми кыргызстандык таланттуу ырчылар Аsko, Адилет Жумабеков өңдүү дүйнөлүк деңгээлдеги таланттарды чогултуп, Киркоров жана белгилүү продюсерлер менен биргеликте борбор азиялык лейбл түзөйүн деп жатам. Бул жакынкы 2-3 айдын ичинде ишке ашып калат.
Сатаров: чет элдик жылдыздар акчадан мурун биздин жаратылышты көрүп, ырдап, эс алып кетүүгө кызыгышат
© Фото / из личного архива Ислама Сатарова
— Филипп Киркоров деп калдыңыз. Сиз россиялык жана европалык жылдыздар менен да жакшы мамиледе экенсиз. Алардын ишенимине кирүү деле оңой болбосо керек?
— Албетте оңой эмес. Бирок алар деле биздей адам да. Кайсы бир иш-чара мыкты өтсө, аны ким уюштурганына кызыгып сураштырышат. Булар деле улам жаңы тааныш издеп, баарын нөлдөн баштап отургусу келбейт.
Бир ырчыга бир жылда эки иш-чара уюштуруп берсең, "жакшы" дейт. Үчтү уюштурсаң "абдан жакшы", төртүнчүсүндө "бул биздин досубуз" деп калат. Себеби анын аркасында акча жатат да. Жаңы жылга чейин Киркоров менен Алматы шаарында үч корпоративди уюштурдук. Ал мага ишенет. Мен Киркоровдун табитин жакшы билем. Аларга уюштуруу иштери боюнча баарын түшүндүрүп бердим. Абдан жогорку деңгээлде даярданып, тосуп алгандан баштап концерт өткөрүүгө чейин сонун болду. Өзүбүз маани бербегенибиз менен Кыргызстан абдан сонун өлкө. Чет элдик жылдыздар акчадан мурун биздин жаратылышты көрүп, ырдап, эс алып кетүүгө кызыгышат. Бирок инфраструктура начар болгону көйгөй жаратат. Туристтерге жол боюнан жакшы кофейня таба албайсың, жолдор начар. Бирок алар биздин маданиятыбызга, оймо-чиймебизге кызыгышат. Бул жакка келип кеткен жылдыздар Супараны жакшы көрүп, "куурдагын ала келбейсиңби?" деп сагынышат.
— Чет элдик шоу-бизнес, маданият тармагы биздикинен күчтүү. Буга түзүлгөн шарт, чыгармачылык дарамет же аракет себеппи?
— Кыргыздар чыгармачылык жактан өтө таланттуу элбиз, бирок жалкообуз. Ошол себептен артта калып жатабыз. Өзбекстанда ырчы мамлекетке салык төкпөсө, лицензия ала албайт. Эгер тойго чыкса микрофонун алып, сүйрөп алып чыгып кеткенге мамлекеттик органдардын укугу бар.
Борбордук Азияда Өзбекстандын шоу-бизнеси алдыда. Рынок чоң. Ырчылары абдан бай жашашат. Бизге окшоп маршруткадан, базардан же көрүнгөн жактан кезиктире албайсың. Себеби бул жолду тандап алгандан кийин ал кымбат, кол жеткис болушу керек. Казакстанда деле ошол. Бизде андай жок. Бирок биздин чыныгы таланттарды эл урматтап алат.
— Киркоров иче турган сууну бир жума издеп Казакстандан тапканыңызды айтыпсыз...
— Ооба, бул анын обу жоктугу эмес. Биздин суулар менен Россия жана Европаныкы айырмаланат эмеспи. Ошондуктан Кыргызстандын суусуна ичи ооруп, кыйналат. Бул да жоопкерчилик. Концерттин алдында булар эки сааттай эч ким менен сүйлөшпөйт. Өзүн даярдашат. Ландыш жыттанган самынды талап кылган чет элдик ырчы айым бар. Анткени ал үнүнүн ачылышына жардам берет, ал эми башка самындарга аллергиясы бар. Алар мага ушул сыяктуу райдерин гана берип коюшат, аны даярдап коёсуң. Бул, тескерисинче, оңой. Башка эч нерсе сурабайт. Рынок кичинекей болгондуктан кыргыз ырчылары андай талап коё алышпайт.
Ошондой эле чет мамлекеттин ырчылары сүйлөшө келгенде өтө жөнөкөй, адамгерчиликтүү.
Сатаров: жаңы жылга чейин Киркоров менен Алматы шаарында үч корпоративди уюштурдук
© Фото / из личного архива Ислама Сатарова
— Бизде толук шарты менен курулган концерттик залдарыбыз да жок эмеспи...
— Концерт бере турган артисттин жана уюштуруучунун бирден-бир көйгөйү ушул. Спорт ордосу да мышык ыйлаарлык абалда. Убагында ал пайдубалы жок эле курулган экен. Бизге жакшы үн коштогуч, заманбап аппаратуралар менен камтылган зал керек. Калк деле концертке барып эс алып, ошол маданият адамынын үнүн угуп, баарлашып, чер жазгысы келет да. Тилекке каршы, барса эле тамтыгы чыккан залда эски микрофон менен сапатсыз аппаратурада концерт берип жатса, көңүлү сууп кайра кеткиси келет. Акустикадан да көп нерсе көз каранды. Мыкты зал болсо иш-чара, концерттик шоуларды өткөрүүнү каалаган бизнесмендер, курулуш компаниялар деле четтен чыгат.
Чет өлкөдөн ырчылар келгенде да кандай жагымдуу болор эле. Мисалы, 2017-жылы Киркоровду алып келгенде Спорт ордосунун ар бир гримдөөчү бөлмөсүн актап-сырдап, лампочка, патрондорунан бери алмаштырып, таракандарды жок кылып, 2000 кишиге гардероб жасадык. Wi-fi алып келдик. Ал 90 тонна жүк, 90 киши менен келди. Акыркы үлгүдөгү аппаратуралары Wi-fi менен иштейт. Кайсы бир ресторандан мебелдерди алып келгенбиз. Анан Филипп Киркоров мени чакырды, барсам "Ислам, мурда бул жакта эмне бар эле. Карасам, муздаткычтан баштап, мебелдерге чейин сырттан алып келинген экен. Буга чейин алар кантип иштеп жүрүшкөн" деди. Бир чети аны сыйлап бардыгын даярдап, шарт түзүп бергениме ыраазы болду. Концерт өзүн актап, мен деле жакшы акча таптым. Биздин Маданият министрлиги "тиги аксакалдын 100 жылдыгы, мунун мааракеси" деп той өткөрүүдөн мурун ушул иштерге көңүл бурса. Артисттерге деле жакшы шарт түзүп берүү керек да.
Жакын арада 30 миң кишилик жабык стадион куруларын угуп сүйүндүм. Курулуп калса жыргабадыкпы. Быйыл октябрь айында Алматыда Энрике Иглесиастын концертин коёлу деп жатабыз. Мыкты зал болсо, бизге деле чакырууга ушундай жакшы мүмкүнчүлүктөр болмок.
— Си-Цзиньпин менен да кол алышкан сүрөтүңүздү көрдүк эле.
— Ооба, ал Кыргызстандагы эл аралык деңгээлдеги протоколдук иш-чараны уюштурууда түшкөн сүрөт эле. Си-Цзиньпинди тосуп алууда баары жакшы болду. Иш-чара аяктап калганда катчысы келип, "мунун баарын ким уюштурган?" деп сурады. Анан мени "сиз ортого туруп туруңуз, азыр келип учурашат" деди. Кол алышуу кезинде ал кишиден ажыдаардыкындай энергияны сездим. Экөөбүз тең көзүбүз көрүнбөй калгыча аябай жылмайып түшүптүрбүз. Ошол даярдоо иштерине укмуш изденип, Кытайды изилдеп, аз жерден кытайча сүйлөп кала жаздагам. Анткени дүйнөдө бардык жагынан жетишкен өлкөнүн лидерин таң калтыруу оңойго турган жок.