Лондондо газ менен электр энергиянын кымбатташына каршы митинг өттү. Видео

Баалардын өскөнүнө нааразы болгондор Даунинг-стриттеги өкмөттүк резиденциянын маңдайына чогулушкан. Алар Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен Консервативдик партиянын өкмөтүн отставкага кетишин талап кылышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Лондондо National Assembly кыймылынын активисттери электр энергиясы менен газга болгон баа кескин көтөрүлүп кеткенине байланыштуу каршылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости агенттигинин кабарчысы билдирди.
Баалардын өскөнүнө нааразы болгондор Даунинг-стриттеги өкмөттүк резиденциянын маңдайына чогулушкан. Алар Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен Консервативдик партиянын өкмөтүн отставкага кетишин талап кылышкан.
Буга чейин National Assembly ишемби күнү өлкөнүн 25 ири шаарында, анын ичинде Лондон, Ливерпуль жана Манчестерде баалардын кескин өсүшүнө каршы акция өткөрүүнү пландап жатканын кабарлаган болчу.
Маалыматка караганда, Улуу Британияда газ менен электр энергия 54 пайызга кымбаттаган. Бул чечим негизи февраль айынын башында эле кабыл алынып, 1-апрелде күчүнө кирген. Энергетикалык көзөмөл органынын чечими боюнча британиялык керектөөчүлөрдүн энергетика үчүн чыгымдары орто эсеп менен 700 фунтка кымбаттап, 2000 фунтту түзөт. Британиядагы баа босогосу көзөмөл органы тарабынан жылына эки ирет, жайкы (апрель-сентябрь) жана кышкы (октябрь-март) мезгилге карата бекитилет. Жеткирүүчүлөр мындан жогору бааны коё албайт.
Энергетикага болгон баанын өсүшүнүн фонунда Британияда февраль айындагы жылдык инфляция 6,2 пайызды түзүп рекорд койду (30 жылдан берки эң жогорку көрсөткүч).
Өлкөнүн статистикалык кызматы жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, баалардын өсүшүнөн улам британиялыктардын 51 пайызы эң керектүү эмес товарларга болгон чыгымдарды азайткан. Калктын 34 пайызы үйүндө газ менен электр энергияны үнөмдөп колдоно баштаса, 31 пайызы тамак-аш менен биринчи керектүү товарларга болгон чыгымды азайткан.
Испания: кымбатчылыкка нааразы болгондор митингди токтотпостугун айтышты. Видео