Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү Екатеринбургда көрсөтүлдү. Сүрөттөр

Көргөзмөнүн борбордук бөлүгүнө тигилген боз үй көптөрдү кызыктырып, келгендер да бир топ болуп, ар кыл суроолорду беришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү Екатеринбургда "Жай-2022" деп аталган эл аралык көргөзмөдө аталган аймактын жашоочуларына тартууланды. Бул тууралуу КРдин Екатеринбургдагы башкы консулдугунан билдирди.
Көргөзмө кечээ, 1-апрелде, ачылып, аны туризм боюнча Урал ассоциациясы Россиянын федералдык туризм агенттиги жана Свердлов облусунун Инвестициялар жана өнүктүрүү министрлиги уюштурган.
1 / 2

Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү Екатеринбургда "Жай-2022" деп аталган эл аралык көргөзмөдө аталган аймактын жашоочуларына тартууланды.

2 / 2

Көргөзмө кечээ, 1-апрелде, ачылып, аны туризм боюнча Урал ассоциациясы Россиянын федералдык туризм агенттиги жана Свердлов облусунун Инвестициялар жана өнүктүрүү министрлиги уюштурган.

Башкы консулдук Туризм департаментинин колдоосу менен Кыргызстандын павильонун уюштурган. Ал жерде кыргыз туризминин мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүчү рекламалык букеттер, туристтик компаниялар жана ден соолукту чыңдап эс алуучу жайлардын узун тизмеги түзүлүп, сунуштар менен бирге таратылган.
"Павильондо мини-сүрөт көргөзмө уюштурулду, телеэкранга өлкөнүн жаратылышы жана атактуу жайлар туурасында тартылган роликтер чыкты. Ал эми борбордук бөлүгүнө тигилген боз үй көптөрдү кызыктырып, келгендер да бир топ болуп, ар кыл суроолорду беришкен. Кирип-чыккандар улуттук суусундуктардан, боорсоктон жана кургатылган мөмө-жемиштен ооз тийишти. Ал эми кечинде катышуучулар жана башкы форумдун коноктору үчүн Башкы консулдук улуттук тамак-аш даярдады", — деп айтылат маалыматта.
Аталган иш-чарадагы кыргыз делегациясынын жигердүүлүгү туристтик компаниялардын активдешине, Уралдан Кыргызстанга келе турган туристтердин агымынын арбышына мүмкүнчүлүк түзмөкчү.
Жаңы түзүлгөн Туризмди өнүктүрүү фонду эмне иш кылары айтылды