БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Түркиянын президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда кыргыз-түрк кызматташтыгындагы маданий жана гуманитардык мамилелер тууралуу баарлашышкан. Ошондой эле Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу сүйлөшүшкөн.
"Азамат Жаманкулов кыргыз тарап көчмөндөр оюндарына чоң даярдыктар менен келе тургандыгын айтып, зарыл болгон учурда оюндарды өткөрүүдө тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди", — деп жазылган маалыматта.
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Бурса провинциясынын Изник шаарында өтөт.