Бишкекте чет элдик аялды зордуктоого шектелген киши кармалды

Шектүүгө кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкекте чет элдик 27 жаштагы Ш.С. аттуу аялды зордуктоого шектелип М.Ч. аттуу киши кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер") менен каттоого алынган.
Шектүү М.Ч. тергөө кызматына алып келинип, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Андан кийин Свердлов райондук соту бөгөт чарасын тандап, эки айга камакка алынган. Тергөө уланууда.
Бишкекте 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип дагы бир милиционер кармалды