Байден резервдерден мунайды чыгаруу чечимине 30дан ашык өлкө кошулганын айтты

АКШ президенти бул дүйнө рыногуна он миллиондогон кошумча баррелдерди алып келет деген пикирин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден 30дан ашык өлкө Вашингтондун стратегиялык резервдерден мунайды бошотуу боюнча чечимине кошулгандыгын жар салды деп кабарлады РИА Новости.
Анын айтымына караганда, дүйнөлүк рынок кошумча "он миллиондогон баррелдерди" алат.
"Дүйнөнүн ар кыл бурчунан 30дан ашык өлкө Энергетика боюнча эл аралык агенттиктин шашылыш отурумуна чогулуп, рынокко кошумча ондогон миллион баррель мунайды бошотууга макулдашты", — деген ал.
Байден аны менен катар эле дүйнөдөгү мамлекеттер мындай жол менен "Россиянын энергетикалык ресурстарын башка өлкөлөргө курал катары колдонуусуна" каршы турду деген пикирин айткан.
Муну менен катар эле ал сүйлөп жатып мунай казган америкалык компаниялардан ишинин көлөмүн көбөйтүүнү талап кылган. АКШ лидери компанияларга нефти бургулоо үчүн берилген тогуз миңден ашуун лицензия иштетилбегенин айтып, алардын токтоп турганы үчүн айыпка жыгыласыңар деп опузалаган.
Кечээ Байден мунай рыногун жана бир көтөрүлүп, бир түшүп кетип жаткан бааларды турукташтыруу максатында жарым жылдык мөөнөттө стратегиялык резервдерден күнүнө бир миллион баррелден бошотуп туруу боюнча чечим кабыл алынгандыгын айтты. Анын рынокко майдан октябрга чейин түшүп турары күтүлүп жатат. Мындан сырткары, Энергетика боюнча эл аралык агенттиктин мүчөлөрү рынокко дагы 30-50 миллион баррель жөнөтөрү да айтылды.
Россия менен мунай-газ оюндары Европаны туңгуюкка такады