Мамлекеттик "Ак-Босого" турак жай – сактык, кредиттик компаниясы учурда 240 жаран менен турак жай сатып алуу үчүн келишим түздү, алардын катарында мигранттар да бар. Бул тууралуу Айзаада Усупова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жакында чет өлкөдө иштеген кыргызстандык жарандар аралыктан компаниянын кызматын алып, депозитке каражат топтоп, турак жай сатып алууга же үй курууга мүмкүнчүлүк алат.
"Ак-Босого" турак жай – сактык, кредиттик компаниясы Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын алдында түзүлгөн. Жарандарды жеткиликтүү турак-жай менен камсыз кылуу жана акча топтоо аркылуу жеңилдетилген ипотека алуу мүмкүнчүлүгү камтылган. Компаниянын кызматын мамлекеттик жана муниципалдык мекемеде иштебегендер да ала алат. Учурда "Ак-Босого" менен 240 жаран келишим түзүп, каражат топтоп жатышат. Алардын катарында Россияда жана Европа өлкөлөрүндө иштеген мигранттар да бар", — деди Усупова.
Ошондой эле адис "Ак-Босого" турак жай – сактык, кредиттик компаниясы Улуттук банктын лицензиясы менен иш алып барарын, уставдык капиталы 110 миллион сомго жеткендигин кошумчалады.