Жогорку Кеңештин алдына газон жасалып, бак тигилет

Учурда "Бишкек жашыл чарбанын" кызматкерлери жерди тегиздеп жатышат. Алар газонду сугаруу үчүн суу түтүктөрүн да киргизет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Чүй проспектиндеги Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы бетондун ордуна газон төшөлүп, бак тигилет. Бул тууралуу мэрия билдирди.
1 / 3

Чүй проспектиндеги Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы бетондун ордуна газон төшөлүп, бак тигиле

2 / 3

Эске салсак, жакында эле "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери Ак үйдүн түштүк тарабындагы алып салынган тосмонун бетонун бузушкан

3 / 3

Учурда "Бишкек жашыл чарбанын" кызматкерлери жерди тегиздеп жатышат. Алар газонду сугаруу үчүн суу түтүктөрүн да киргизет.

Эске салсак, жакында эле "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери Ак үйдүн түштүк тарабындагы алып салынган тосмонун бетонун бузушкан. Учурда "Бишкек жашыл чарбанын" кызматкерлери жерди тегиздеп жатышат. Алар газонду сугаруу үчүн суу түтүктөрүн да киргизет.
Бул арада Горький, Медеров, Байтик баатыр көчөлөрүндөгү райондук администрациянын ирригациялык тармактары тазаланып, сугаруу сезонуна даярдык көрүлүп жатат. Мындан тышкары, Манас, Чүй проспектилери менен өкмөттүк сквер жашылдандырууда.
Бишкектеги жайма базарларды рыноктун ичине көчүрүү аракети жүрүп жатат