ЖК депутаттары Бишкектеги таштанды талаасына барды. Видео

Депутат Мирлан Самыйкожо мындан тогуз жыл мурда таштанды иштетүүгө 22 миллион евро бөлүнгөнүн, анын дайыны азыркыга чейин билинбей жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттарынын "Элдик тобу" Бишкектин четиндеги таштанды талаасына барды. Бул тууралуу депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.
Ал жакта мэриянын да өкүлдөрү жүргөнү айтылат. Мирлан Самыйкожо алгачкы таштанды талаасында эл иштеп жүргөнүн, жерди каргалар байырлап кеткенин көрсөткөн.
Ошондой эле таштанды иштетүүгө бөлүнгөн ири каражаттын дайыны билинбей жатканын айткан.
"2013-жылы 22 миллион евро таштанды иштетүү үчүн бөлүнгөн. Ал акчанын бүгүнкү күнгө чейин дайыны жок. Биз бүгүн ушул тууралуу сурайбыз", — деген депутат.
Ал бир нече убакыттан кийин жыйын болорун, андан соң кенен маалымат берерин кошумчалады.
Бишкекте 2-апрель күнү жалпы ишембилик өтөт