Кыргызстан менен Өзбекстандын премьерлери Баткендеги мектепти ачышты. Сүрөт

Өкмөт башчылар иш-чарага видеобайланыш режиминде катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Баткен облусунун Маргун айылындагы мектептин ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 6

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Баткен облусунун Маргун айылындагы мектептин ачылыш салтанатына катышты

2 / 6

Өкмөт башчылар иш-чарага видеобайланыш режиминде катышты

3 / 6

Эки өлкөнүн билим берүү министрлери Баткенде болгон

4 / 6

Жапаров мектептин ачылышы эки элдин ортосундагы чоң достуктун символу экенин белгилеген

5 / 6

Билдирмеде айтылгандай, мектепти куруу жөнүндө макулдашууга Садыр Жапаровдун былтыр 11-12-март күндөрү Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында кол коюлган

6 / 6

Демилгени Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев көтөргөн.

Өкмөт башчылар иш-чарага видеобайланыш режиминде катышты. Эки өлкөнүн билим берүү министрлери Баткенде болгон.
Жапаров мектептин ачылышы эки элдин ортосундагы чоң достуктун символу экенин белгилеген.
"Эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшү биздин кылымдар бою келе жаткан бир туугандык, достук жана коңшулук мамилебиздин натыйжасы болуп саналат. Баткен облусу Фергана облусу менен чектешет, биз өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты кеңейтүүнү жана өнүктүрүүнү жактайбыз. Өзбекстандын жетекчилигине Баткен облусуна бул билим берүү мекемесинин курулушуна көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирем", — деген министрлер кабинетинин төрагасы.
Өз кезегинде Арипов бул сыяктуу иш-чаралар аркылуу эки бир тууган элдин ортосундагы достук мамилелер чыңдала берерин белгилеп, Кыргызстанга тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалаган.
Билдирмеде айтылгандай, мектепти куруу жөнүндө макулдашууга Садыр Жапаровдун былтыр 11-12-март күндөрү Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында кол коюлган. Демилгени Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев көтөргөн.
Мектеп 330 орунга ылайыкташкан. Долбоордун сметалык наркы 3,5 миллион долларды түзүп, каражатты Өзбекстан бөлгөн.
Ош шаарына Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов келди. Сүрөт