Мектептин аянтын менчиктеп алышкан. Жалал-Абадда мамлекеттин жери кайтарылды

Базар-Коргон районундагы Кара-Ой айылындагы мектептин жери 2020-жылы менчикке чыгып кеткени аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда жеке менчикке берилип кеткен мектептин жер тилкеси кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалыматка караганда, Базар-Коргон районундагы Кара-Ой айылындагы мектептин жери 2020-жылы менчикке чыгып кеткени аныкталган. Бул факты кийин мектептин жаңы имаратын курарда билинген.
Жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан сотко келтирилген доо арыздар толугу менен канааттандырылды.
Бюджетке келтирилген чыгымдын баасы 1 миллион 70 миң сом деп бааланууда.
Ошто мыйзамсыз менчиктелген 127 гектар жер мамлекетке кайтарылды